Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 27.01.2020 16:25

Жалал-Абадда мугалимдердин спартакиадасы өттү

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 300гө жакын мугалимдин катышуусунда спартакиада өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мугалимдер спорттун 5 түрү боюнча күч сынашкан.

«Калаадагы 19 билим берүү мекемесинен 300дөй мугалим спорттук мелдешке катышты. Иш-чара мугалимдерди спортту сүйүүгө, сергек жашоого үндөө максатында уюштурулду. Мындан сырткары спорт оюндарынын алкагында мугалимдер бири-бири менен жакындан таанышып, пикир жана тажрыйба алмашууга да чоң өбөлгө болду. Жыйынтыгында волейбол, тогуз коргоол, ордо, теннис жана шахмат оюндарынын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө дипломдор жана кызыктыруучу белектер тапшырылды», - деди Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев.

Спорттук мелдешти шаардык билим берүү бөлүмү, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети уюштурган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×