Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 27.01.2020 13:21

Жол эрежесин бузган судьянын иши: Президентке судьяны иштен алуу сунушталды

Эльмира Сулайманова
Эльмира Сулайманова

Turmush -  Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.Сулайманова жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин «Баракелде» басылмасы Жалал-Абад облусунда 2019-жылдын 30-декабрында майрамдык кечеден кайтып бара жаткан судья Э.Сулайманова жол кырсыкка кабылганын жазган.

«Бул маалыматта Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.Сулайманованын аракеттери Кыргыз Республикасынын судьясынын Ар-намыс кодексиндеги судьянын аброюна жана кадыр-баркына шек келтирилгени көрсөтүлгөн. «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамынын 5-1-беренесине ылайык, судья КРнын судьясынын Ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү экени жана судьянын кадыр-баркына шек келтирген көрүнүштөрдөн алыс болушу керек экени жазылган. Буга байланыштуу Жогорку соттун төрайымы Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына, судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунушун жөнөткөн. КР Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын 27-январдагы чечими менен Жогорку соттун төрайымынын сунушу канааттандырылып, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.Сулайманова тартип жоопкерчилигине тартылып, кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу туурасында тартиптик жаза көрүлдү. Бул чечимдин негизинде президентке аталган судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунуш жөнөтүлдү», - деп айтылат Жогорку соттун маалыматында.

Окуя тууралуу

Жол кырсык Жалал-Абад шаарында 2019-жылдын 30-декабрында түндө болгон. Протокол толтурулуп, автоунаа айып короого киргизилген.

Окуя учурунда тартылган видео «НурТВ» телеканалынын «Рейд» телеберүүсүндө көрсөтүлгөн. Видеодон Жалал-Абаддагы көчөлөрдүн биринде «Тойота» унаасы «Дэу Нексия» менен кагышканын көрүүгө болот. «Тойота» унаасын башкарып жүргөн аял документтерин көрсөткөн эмес. Ал суроолорго жооп берип жатып шаардык сотто судья экенин жана майрамдык кечеден кайтып бара жатканын айткан. Мас абалда экенине шек жаралгандыктан милиция кызматкерлери аны наркология бөлүмүнө экспертизага алып барышкан.

Кийинчерээк унаанын рулун Жалал-Абад шаардык соттун судьясы Элмира Сулайманова башкарганы такталган.

Кийинчерээк судья Э.Сулайманованын тартип бузуу кодексине ылайык айып салынган токтомдорун жокко чыгаруу боюнча даттануусун шаардык сот караган.

Анда жол көзөмөлдөөчүлөр шаардык соттун курамына ишенбөөчүлүк келтиришкен. Бирок инспектордун өтүнүчүн отурумга төрагалык кылуучу судья канааттандырган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×