Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 26.01.2020 21:30

Сүрөт — Кырктын кырындагы кыргызстандык баатыр энелер

Turmush -  Кыргызстанда 6-7 же андан көп балалуу болгон аялдарга «Баатыр эне» ордени жана «Эне Даңкы» медалдары тапшырылып келет. Бул жолу Turmush басылмасы өлкөнүн аймактарында аталган сыйлыктарга татыган 40 жашка чейинки баатыр энелердин тизмесин тизмектеди.

Кара-Көл шаарынын 35 жаштагы тургуну Замира Шүкүралиева 8 баланын энеси. Ал 2018-жылдын 22-июнунда «Баатыр эне» ордени менен сыйланып, Кара-Көл шаарындагы эң жаш баатыр эне аталган болчу.

Эң жаш баатыр эненин улуу кызы Айдай 2006-жылы төрөлгөн. Андан кийинки уулдары — Алманбет 2007-жылы, Элмырза 2009-жылы, кыздары — Арууке 2011-жылы, Айдана 2012-жылы, Ребекка 2014-жылы, ал эми жетинчиси Мариям 2016-жылы төрөлгөн. Эң кичүүсү 2018-жылдын 3-сентябрында жарык дүйнөгө келген.

«Жолдошум кесиби боюнча ГЭС куруучу. Учурда №30 жол тейлөө ишканасында тоннелде текшерүүчү болуп эмгектенет. Мен турмушка чыккандан кийин иштеген жокмун. Учурда балдарды тарбиялоо менен алекмин. Келечекте балдарым эл керегине жараган инсандардан болсо экен деп тилейм. Көп балалуу болуу чоң бакыт. Үйүбүздө балдардын күлкүсү жаңырып турат. Алардын ар бирин өзүнчө сүйүп, ар бирин колдоп турууга аракет кылабыз», - дейт ал.

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын 39 жаштагы тургуну Гүлзат Жолдошева 8 баланын энеси. Ал 2016-жылы «Баатыр эне» наамын алган. Гүлзат Жолдошева 1981-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. 18 жашында турмушка чыгып, биринчи уулун 19 жашында төрөгөн.

«Өзүм 8 бир туугандын улуусумун. Жолдошум дагы 9 бир тууган. Мен дагы апаларымдын жолун жолдоп, 4 уул жана 4 кыздын энеси болуп отурам. Өзүм аскер адамы болгум келчү, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, кыялдарыма жетпей калдым. Улуу балам күрөш боюнча көп ийгиликтерди багындырып жүрөт. Республикалык мелдештен 2-орунду алган. Балдарым жоокер, спортчу, улуу кызым тилчи, бирөө жактоочу жана бири дарыгер болобуз дешет», - дейт ал.

Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын тургуну Гүлзат Барктабасова 8 баланын апасы. Ал 1978-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Өзүнүн түпкү жери Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылы. Бирок ата-энеси Нарын шаарында иштеп, отурукташып калгандыктан аталган шаарда чоңойгон. Мектепти аяктаган соң, Ача-Кайыңды айылына келин болуп барган. 40 жашка чейин 8 балалуу болгон Гүлзат Барктабасова 2018-жылы «Баатыр эне» наамын алып, «Эне даңкы» медалына ээ болгон. Учурда анын балдары студент болуп, убагында өзү жетпеген кыялдарын аткарып жатат. Ал үйдө балдарына кам көрүүдөн сырткары кол өнөрчүлүк менен да алектенет.

«1996-жылы мектепти бүттүм, ошол жылы эле күз мезгилинде турмушка чыктым. Азыр 4 кыз жана 4 уулдун энесимин. Эң улуу уулум студент болсо, эң кичүүсү 4 жашта. Балдарым менен сыймыктанам. Алар менин байлыгым. Мен биздин аймактагы эң жаш баатыр энелердин катарын толуктайм», - деди ал.

38 жаштагы Нурзия Чегирткеева 7 баланын энеси. Ал 2015-жылы эң жаш баатыр эне аталып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колунан акчалай сыйлык жана «Баатыр эне» наамын алган.

Нурзия 1982-жылы Нарын районуна караштуу Кара-Чий айылында төрөлгөн. Көп өтпөй Токмок шаарына ата-энеси менен көчүп кетип, балалык чагы ошол жерде өткөн. Жолдошу менен ушул шаардан таанышып, кийин турмуш курушкан. Анда Нурзия болгону 17 жашта эле.

«Турмуш жолумду 17 жашымда баштап, 18 жашымда 1-баламды төрөдүм. Учурда балдарымдын эң улуусу 21 жашта болсо, эң кичүүсү мектепке барат. 2015-жылы 16-майда 33 жашымда Бишкек шаарынан “Баатыр эне” деген наам алдым. Башында көп кыйынчылыктар болду, бирок күйөөм экөөбүз тең тытынып иштеп жүрүп алар деле байкалбай калды. Ар бир баланын өз ырыскысы болот экен. Жолдошум балдарды абдан жакшы көрөт. Ал 2 бир тууган болгондуктан, экөөбүз кудайдан тилеп жатып көп балалуу боло алдык», - деди Н.Чегирткиева.

Учурда Нурзия жолдошу менен 4 кыз жана 3 эркек баланы тарбиялап жатышат.

Нарын районунун Жан-Булак айылынын тургуну Аида Карыпбаева 5 уул жана 3 кыздын энеси. Ал Ак-Талаа районунун Үгүт айылында 1976-жылы төрөлгөн.

«Мектепти аяктагандан кийин И.Арабаев атындагы окуу жайга тапшырып, химия-биология факультетин окуп бүтүрдүм.Үгүт айылында чоңойдум. Апам оорунун азабынан мен студент кезде каза болуп калды. Бала кезде дарыгер болуп, апамды айыктырсам деген үмүтүм бар болчу. Бирок ал тилегиме жете алган жокмун. Ошентип мугалимдик кесипти тандап калдым. Апам көп балалуу болуу жакшы деп калчу. Апамдын тилеги болдубу, дайым бизге 8 баланы берди», - деди ал.

Ал 2015-жылы «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» наамдарынын ээси болгон.

«Мектепте иштегениме 20 жылдан ашты. Чындыгында үй менен жумушту алып кетүү өтө оор экен. Бирок аракет кылып жетишсе болот. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, балдарымдын ден соолугу жакшы, мектепте да жакшы окуп жатышат. Жолдошум Кумтөр кенинде инженер болуп иштейт. Өзүм бала кезде музыкалык мектепте окугам. Ошондон улам музыкага абдан жакынмын. Үйдө фортепиано бар, бош убакта ырдап калам. Мындан тышкары музыкалык аспаптарда ойноп, сүрөт тартып, оюу түшүрөм. Аялзатына тиешелүү болгон кол өнөрчүлүктү да өздөштүрүп алгам.

Кудай бала берсе, аны жарык дүйнөгө алып келүү керек деп ойлойм. Баланы ичтен алдырып салууну туура көрбөйм. Анткени ар бир бала төрөлгөндө кошумча ийгилик, дөөтү келет деп билем. Балким ошол ырымдар көп балалуу болуубузга себеп болгон. Кош бойлуу кезимде бала менен дагы бир жакшы нерсе күтүп жатат деп ойлойм», - деди баатыр эне.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×