Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 23.01.2020 12:20

Жалал-Абаддын мурунку жана жаңы жетекчисине чапан жаап, калпак кийгизишти. Видео

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган Нурболот Мирзахмедовду облустун активине биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйында К.Боронов өкмөт башчынын буйругу менен тааныштырып, облустун мурунку жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиевдин ишин жаман эмес деп баалады.

«Элдин турмушун, облустун экономикалык абалын жакшыртууга өз салымын кошо алды. 3 жылдан ашык иштедиңиз. Ден соолугуңузду чыңдап алыңыз», - деп анын өз каалоосу менен жумуштан кеткенин белгиледи.

Мурунку ыйгарымдуу өкүл активге өз ыраазычылыгын билдирип: «Буга чейин жүргүзүлүп келген иштерди жаңы келген жетекчи улантып кетет деп ишенем», - деди.

Ал эми жаңы ишке киришкен Н.Мирзахмедов жетекчилер менен биримдикте иш алып барарын айтты.

«Ушул аймакта менин эмгек жолум башталган. Облустун ишин жакшыртууга бар күчүмдү жумшайм», - деди ал.

Соңунда облустун мурунку жана жаңы жетекчисине ак калпак менен чапан кийгизишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×