Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 22.01.2020 14:43

16 жаштагы Э.Жаныбеков каратэ боюнча Кыргызстандын 2 жолку чемпиону

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 16 жаштагы тургуну Эрхан Жаныбеков каратэ менен машыгып келет. Ал өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын 2 жолку чемпиону болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, анын спортко кызыгып калуусуна атасынын кунг-фу менен машыкканы түрткү болгон.

«Алгач 6 жашымда шаардагы №9 Р.Санатбаев атындагы мектептин спорт залына агамды ээрчип баргам. Ал жерден машыккан балдарды көрүп, менин дагы кызыгуум арта баштады. Атам өзү кунг-фу менен машыккандыктан бизди дагы спортко жакын кылып тарбиялады. Күн сайын эртең менен атам көнүгүүлөрдү жасап, айрым учурда мага дагы үйрөтчү. Ошентип каратэ менен машыгып калдым. Спорттун бул түрүн өздөштүрүү мага абдан жеңил болду. Алгач облустук турнирде жеңишке жетиштим. Кээде жеңилип калганда ата-энемдин жана устаттарымдын алдында өзүмдү ыңгайсыз сезип, залга келген сайын беттештерге абдан даярданчумун. Ошентип 14-15 жашымдан тарта эл аралык мелдештерге катышып баштадым. Кыргызстандын 2 жолку чемпиону аталдым», - дейт Эрхан.

Анын айтымында, ал эл аралык мелдештерден дагы ийгиликтерге жетишип келет.

«Учурда Жалал-Абад шаарындагы Михаил Бабкин атындагы №1 мектепте 10-класста окуйм. Окуу менен бирге спорт менен да алектенип жатам. 2018-жылы өспүрүмдөр арасында 57 кг салмакта Орто Азиянын чемпиону болдум. Ал эми 2019-жылдын декабрь айында Казакстандын Актау шаарында өткөн мелдеште 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагындым. Ал эми 2019-жылдын апрель айында Малайзияда өткөн Азия чемпионатында байгелүү орунга илинбей калдым. Эми Бишкек шаарында өтө турган эл аралык турнирге даярданып жатам. Эгер анда жеңишке жетсем, Кувейтте өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алам», - деди ал.

Күрөң курдун ээси Эрхан 3 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×