Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 21.01.2020 15:38

Жалал-Абаддагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жасаган эмгектер. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жасаган жеңил өнөр жай буюмдары жана жыгачтан жасалган эмеректер облустун аймагына тарап жатат. Маалым болгондой, «Азиздер жана дүлөйлөр» коому 1931-жылы түптөлүп, учурда анда 181 мүчө катталган.

«Бул цехте иштегениме быйыл 32 жыл болду, 11-классты бүткөндөн кийин эле ушул жайга жумушка орношком. Башында көзүм көрбөгөндүктөн ийнени бармагыма батырып алып, колдорумду ооруткан учурлар болду. Ошол учурда төшөктөрдү тикчүмүн, азыр да ошол жумушумда иштеп жатам. Өзүм пенсиядан тышкары айлык алам. Эки балам жана 4 неберем бар», - деди цехтин кызматкери Райхан Усманова.

Цехтин жетекчиси Үсөнбай Печелов учурда өндүрүлгөн буюмдарга суроо-талап жогору экенин айтат.

«Биздин милдет Жалал-Абад шаарындагы майыптарды жумуш менен камсыз кылуу болуп саналат. Көзү азиздер жалаң төшөктөрдү колго тигишет, ал эми кулагынан майыптыгы бар адамдар тигүүчү машинелер менен тигишет. Андан сырткары биз эмерек цехин да ачканбыз, анда угуу мүмкүнчүлүгү жок жарандар иштеп жатат.

Азыркы тапта мамлекеттик бюджеттик мекемелер менен иштешип жатабыз. Өкмөттүн майып жарандарды камсыздандыруу боюнча токтому чыккан. Анда мекеме-ишканалар майыптар жасаган буюмдарды сатып алышсын деп көрсөтүлөт. Ошого байланыштуу мекеме-уюмдар менен келишим түзүп, аларга керектүү буюмдарды сапаттуу чыгарып жатабыз. Негизи кышкы куртка, атайын кийимдер, төшөк, матрац, жаздык, шейшептерди тигип чыгарабыз», - дейт Үсөнбай Печелов.

Аталган коомдо көзү азиз 93, угуу жагынан майыптыгы бар 88 адам иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×