Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 21.01.2020 09:12 На русском

Жалал-Абадда «Менин кыялымдагы милиция» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айылындагы №10 Т.Кошматов атындагы мектеп-гимназиясында милиция кызматкерлери окуучулар менен жолугушту. Анда «Тайгараев жаштар аракети» программасынын алкагында 2019-жылдын экинчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыгы каралды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Мектепке окуучулар тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин жана аймактык участкалык инспекторлордун сүрөттөрү, телефон номурлары илинген. Милиция кызматкерлеринин байланыш номурлары жазылган тактайчалар шаардагы №11 жана №18 орто мектептерге дагы орнотулду.

Мындан сырткары ШИИБдин демилгеси менен окуучулар арасында «Менин кыялымдагы милиция» темасында дил баяндар жазылып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер, ардак грамоталар тапшырылды.

Ошондой эле милиция жана жаштардын ортосунда байланышты күчөтүү максатында сунуштар айтылып, алар алдыда уюштурулуучу иш-чаралардын планына киргизилди.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×