Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 20.01.2020 12:37 Жаңыланды: 20.01.2020 12:38 На русском

Жаңы жылдык кечеден кийин кырсыкка кабылган судья айым сотко даттанды

// NurTV

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жол эрежесин бузган судьяга протокол толтурган инспекторго сотко чакыруу келди. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү ырастады.

Чакырууга Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманованын өзү иштеген шаардык сотко даттануусу себеп болгон. Анын арызын судья М.Сариев бүгүн, 20-январда саат 15:00дө карайт.

«Баракелде» басылмасы Жалал-Абад облусунда судьянын катышуусунда жол кырсык болгонун жазган. Судья мас абалда болгонун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тастыкташкан.

«Жол кырсык 30-декабрда түндө болгон. Протокол толтурулуп, автоунаа айып короого киргизилди», - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Окуя учурунда тартылган видео «НурТВ» телеканалынын «Рейд» телеберүүсүндө көрсөтүлгөн. Видеодон Жалал-Абаддагы көчөлөрдүн биринде «Тойота» унаасы «Дэу Нексия» менен кагышканын көрүүгө болот. «Тойота» унаасын башкарып жүргөн аял киши документтерин көрсөткөн эмес. Ал суроолорго жооп берип жатып шаардык сотто судья экенин жана майрамдык кечеден кайтып бара жатканын айткан. Мас абалда экенине шек жаралгандыктан милиция кызматкерлери аны наркология бөлүмүнө экспертизага алып барышкан.

Кийинчерээк унаанын рулун Жалал-Абад шаардык соттун судьясы Элмира Сулайманова башкарганы такталган.

5:50-мүнөттөн баштап көрүңүз:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×