Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 17.01.2020 15:03

Жалал-Абадда «Шумкар» атайын багыттагы полкунун 6 жылдыгы белгиленди. Видео

Turmush -  Бүгүн, 17-январда Жалал-Абад шаарында «Шумкар» атайын багыттагы полкунун түзүлгөндүгүнүн 6 жылдыгы белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган полк 2014-жылдын 17-январында түзүлгөн.

«Шумкар атайын багыттагы полкунун башкы максаты — кылмыштардын жана администрациялык укук бузуулардын алдын алуу жана токтотуу. Ошондой эле кылмыштарды ачууга, кылмышкерлерди кармоого катышуу болуп эсептелет. Ал эми Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасы түзүлгөн күндөн бери көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Биздин полкто шамдагай кызматкерлерди кызматка кабыл алып, аларды тарбиялаган, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүп, алардын бетин ачкан кызматкерлер спорт жаатында дагы ийгилик жаратып келүүдө», - деди «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшан Кожобеков.

Ал эми иш-чарага катышкан ИИМдин башчысынын орун басары Алмаз Орозалиев өз сөзүндө мекенибиздин тынчтыгын сактоодо күч түзүмдөрүнүн орду жогору экенин белгилеп, аларды майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын бир топ кызматкерлери Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын ардак грамотасы менен сыйланышты.

«Шумкар» атайын багыттагы полку өкмөттүн тапшырмасы менен алгач Бишкек жана Ош шаарларында ачылса, кийин Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында өзүнчө роталары түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×