Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 17.01.2020 09:52

Убактылуу кармоочу жайда денеси табылган экс-милиционер тууралуу эмне белгилүү?

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайда жансыз денеси табылган экс-милиционер тууралуу кээ бир маалыматтар белгилүү болду. Ал укук коргоо органдарында 2002-2006-жылдары иштеген, андан кийин терс мотивдерден улам кызмтынан четтетилген.

Кээ бир маалыматтарга караганда, убактылуу кармоочу жайдан денеси табылган К.Д. 2016-жылы күйүүчү май куюучу жайга каракчылык кылган деп шектелген. Анда бет кап кийген куралчан киши Ош–Бишкек унаа жолунда, тактап айтканда Сузак районунун Бек-Абад айылына жакын жайгашкан күйүүчү май куюучу жайга кирген. Ал имараттын шыбына ок чыгарып, операторлордон акча талап кылган. Ал кассадан 9500 сом алып, андан кийин унаа менен качып кеткен.

Аталган факт боюнча Сузак РИИБ тарабынан Жазык кодексинин 168-беренеси («Каракчылык») боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө милиция каракчы адам травматикалык тапанча алып жүргөнүн аныктаган. Аталган кылмышка шектүүнү 2016-жылдын декабрь айында кармашкан.

К.Д. Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын оперативдүү курамындагы бош кызматтарга сынак аркылуу ийгиликтүү өткөндөрдүн катарында болгон. Кызматынан бошотулгандан кийин ал мурунку кызмат ордун кайра калыбына келтирүү өтүнүчү менен сотко кайрылган.

К.Д.нын атасы Сузак райондук сотунда сот болуп иштечү. 2010-жылдын март айында ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен ээлген кызматынан бошотулган. Аны соттор кеңешинин чечиминин негизинде бошоткон.

Буга чейин Жалал-Абад шаарында убактылуу кармоочу жайда жаткан экс-милиция кызматкери өмүрүнө кол салып, каза болгону маалымдаган.

Облустук милициянын маалыматына караганда, 14-январда саат 08:30да ШИИБдин убактылуу кармоочу изоляторунун камераларынын биринде жалгыз кармалып отурган 1977-жылы туулган К.Д.нын өзүн-өзү асып каза болгон жансыз денеси табылган.

«Ал убактылуу кармоочу жайына 2018-жылдын 21-апрель күнү КРнын Жазык процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык киргизилген. Ага карата КЖКнын 350-беренеси (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу), 241-беренеси (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү), 168-беренеси (Каракчылык) жана 246-берене (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголгон.

Иштин материалдары соттун кароосуна жиберилип, 1-инстанциядагы сот тарабынан 7 жылга эркиндигинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Соттун өкүмүнө кайрадан апелляциялык даттануу менен кайрылып, азыркы күндө Жалал-Абад облустук соту тарабынан каралып жаткан. К.Д.нын жансыз денесине кароо жүргүзүлгөн учурда кара түстүү жипке окшош буюмга асынып алганы аныкталган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүн-өзү асып өлтүрүү болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертиза учурунда денесинде башка эч кандай жарааттар болбогондугу аныкталган. Учурда тергөө иштери менен катар кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×