Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 17.01.2020 08:21

«Үйдөн окутам»: Динчил ата 10 жаштагы уулун мектепке жиберүүдөн баш тартууда

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарына башка райондон убактылуу баш калкалоо үчүн көчүп келген А.Т. аттуу тургун 10 жаштагы уулун мектепке жиберүүдөн баш тартууда. Дин өкүлдөрү баланын атасы 4 айга дааватка кеткенин, келсе дагы түшүндүрүү ишин колго алышарын айтышты. Аймактык кабарчы окуянын чоо-жайын териштирди.

Маалым болгондой, 2019-жылы Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери жана башка тармактагы кызматкерлер бирге үймө-үй кыдыруу жүргүзгөн тапта мектепке барбай жүргөн 4 бала аныкталган. Тийиштүү иш жүрүп, үчөөсү окууга тартылган. Ал эми 10 жаштагы баланы мектепке кайтаруу аракети көрүлгөнү менен бүгүнкү күнгө чейин мектепке бара элек.

Жогоруда аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Назира Жакыпова баланын ата-энеси диний көз караштан улам баласынын билим алуусуна кызыкдар болбой жатышканын билдирди.

«Биздин кызматкерлер дайым эле үймө-үй кыдырып, иш жүргүзүп турушат. Жылына 2-3 жолу комплекстүү кыдыруу болот. Ошол учурда 10 жаштагы окуучунун мектепке барбай жатканы белгилүү болгон. Окууга тартылбаган 4 окуучу аныкталып, анын үчөө мектепке барып калышты. Ал эми 10 жаштагы А.И. аттуу бала бүгүнкү күнү да мектепке тартыла элек. Баланын ата-энесине бир топ жолу бардык, сүйлөшүп, түшүндүрүп, окууга кайтарууга аракет кылдык. Апасы уулу 10 жашта экенин айткан, бирок туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тартып койду. Атасы «өзүм үйдөн окутуп алам» деген пикирин айтты. Бул үй-бүлөнүн төрт баласы бар, улуусу мектеп курагында. Өзүбүз мектепке алып келе албагандыктан Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясына кайрылганбыз. Алар шаардын баш имамына кат жолдошкон. Дин өкүлдөрү ата-энеге түшүндүрүү ишин жүргүзүп, бизге көмөктөшөт деп ойлойбуз», - деди Н.Жакыпова.

Маалым болгондой, бул маселени Балдар иштери боюнча комиссиясы караган. Анда да түшүндүрүү иштери жүргөнүнө карабастан мыйзамга баш ийбей жатканы айтылган.

Жалал-Абад облустук казыяттын окуу жана насаат бөлүмүнүн башчысы Арпидин Жороев баланын билим алуусуна тоскоолдук жаратып жаткан ата «Йакын инкар» тобунун мүчөсү экенин, ал 4 айга дааватка чыгып кеткендиктен сүйлөшүү мүмкүн болбой жатканын айтты.

«Мэриядан келген кат боюнча иш жүргүздүм. Атайын барганыбызда анын 4 айга дааватка кеткенин билдик. Атасы келгенде түшүндүрүү ишин жүргүзө турганыбыз боюнча шаар мэриясына кат даярдап жаткам. Анын мечитке келип намаз окуп жүргөнүн көрчүмүн, бирок баласын мектепке жибербей жатканын билчү эмесмин. Буга чейин да түшүндүрүү ишин жүргүзгөнбүз. Ал биздин айтканыбызга макул болгон, бирок иш жүзүндө андай болбой жатат. Баланын билим алуу укугу корголушу керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×