Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 16.01.2020 17:02

Университетте коррупция жок экен, - Томск шаарында акысыз окуп жаткан Азирет

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 18 жаштагы Азирет Кадырбеков. Ал Жалал-Абад шаарында туулган. Учурда Россиядагы Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университетинде акысыз билим алып жатат. Turmush басылмасынын кабарчысы мекендешибиз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, келишимдик негизде билим алган студенттер эң аз дегенде 125 миң рубль төлөп окушат.

«Өзүм Жалал-Абад шаарындагы №14 С.Давлетов атындагы инновациялык мектеп-лицейинде билим алгам. Мектепте математика жана физика сабактарынан жакшы окучумун. Ошондо эле чет өлкөдөн билимимди өркүндөтөм деп ниеттенчүмүн. Бир күнү мектепке чет өлкөдөгү окуу жайлардан адистер келип, өздөрүнүн окуу жайындагы адистиктер менен тааныштырып, тесттик режимде абитуриенттерди кабыл аларын билдиришти. Ошентип 22-март күнү алгачкы сынак болуп, ага 200дөн ашуун бүтүрүүчү катышты. Анын жыйынтыгында мен 188 упай алдым. Сынактын экинчи туру 27-июнда өтүп, анда 50гө жетпеген бүтүрүүчү билим деңгээлин сынашты. Соңунда бизди тандап алышты. Ошентип, Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университетинин курулуш факультетине кабыл алынып, учурда бюджеттик негизде билим алып жатам», - дейт Азирет.

Ал аталган окуу жайда студенттер үчүн мыкты шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

«Сабактарды профессорлор өтөт, окуу куралдары компьютерлештирилген, сабак өтүү методикасы жана техникасы да өзгөчө. Мен окуу жайда акысыз билим алгандан тышкары ай сайын 2600 рубль стипендия алам. Чет жактан келген студенттерге мугалимдер дагы жакшы мамиле кылып, колдоо көрсөтүүгө аракет кылышарына күбө болдум. Окуу жайда коррупциялык көрүнөш жок экен, акча менен окууну бүтүрөм деген студентти көргөн жокмун. Ар бир студент билимине жараша баа алат.

Окуу жайда 100дөн ашык кыргызстандык студент бар. Алар бири-бирине кеңеш айтып, жардам берип турушат. Төрт жылдык окуумду аяктаган соң, мекениме барып эмгектенем», - дейт студент.

Азирет Кадырбеков үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×