Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 16.01.2020 16:21

Жеңил атлетчи Г.Сатарова Ирандагы мелдеште алтын жана күмүш медаль утту

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын тургуну, жеңил атлетчи Гүлшанай Сатарова Ирандын Тегеран шаарында өткөн мелдеште бир алтын жана күмүш медаль багындырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдеш 9-10-январь күдөрү өтүп, ага Кыргызстандан 6 спортчу жана 1 машыктыруучу барган.

«Алыс аралыкка чуркоо боюнча мелдешке 6 өлкөдөн спортчулар катышты. Биз Тегеран шаарына барып, аэропортко конгондон кийин жарым саат өтпөй бортунда 176 адам бара жаткан украиналык учактын кыйраганын уктук. Аны ойлоп, кабатыр болуп жатсам мелдештин биринчи күнүндө бутумду кайрып алдым. Аргасыз бутума гель сүйкөп алып, стартка чыктым. Жалпысынан 1,5 чакырым аралыкты 4 мүнөт 49 секундда чуркап өтүп, алтын медалга ээ болдум. Эртеси да мелдешке чыгарда бутум шишип кеткен экен, ага карабай стартка чыктым. Жыйынтыгында 10 мүнөт 10 секундда келип, экинчи орунду ээледим.

Жеңишимди Кыргызстанга, ата-энеме арнадым», - дейт спортчу кыз.

Гүлшанай Сатарова 27 жашта, 15 жылдан бери спорттун жеңил атлетика түрү менен машыгат. Бир кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×