Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 16.01.2020 13:18

Жалал-Абаддагы 10 мектепте электрондук күндөлүк системасы иштеп жатат

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы 10 мектепте пилоттук түрдө киргизилген электрондук күндөлүк системасы иштеп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, эми анын жардамы менен ата-энелер балдарынын мектепке келген убагынан тарта сабакка катышуусу, предметтик баалары жана окуудагы жетишкендиктерине онлайн форматта маалым болуп турушат.

Бул демилге Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санатиптештирүү жылынын алкагында 2019-жылдын ноябрь айынан тарта иштей баштаган. Анын алкагында мугалимдер менен ата-энелердин ортосунда маалымат алмашууну ылдамдатуу максаты көздөлгөн.

Электрондук күндөлүк системасы пилоттук түрдө өлкөнүн 40 мектебинде иштеп жатат. Алардын катарында Жалал-Абад шаарындагы 10 мектеп да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×