Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 14.01.2020 14:38

Жалал-Абадда үй-жайсыз адамдар үчүн түнөк үй иштеп жатат

Turmush -  Жалал-Абад шаарында кышкысын туруктуу жашаган жери жок жарандар үчүн мэриянын алдындагы «Кайрымдуулук борбору» тарабынан уюштурулган түнөк үйү иштеп жатат.

Маалым болгондой, имаратта эркектер жана аялдарга өзүнчө бөлмөлөр каралган. Бул жайга күн сайын 15ке жакын киши түнөп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү турмуш шарты оор жана спирт ичимдиктерге көз каранды жарандар. Кайрылгандар керебет жана жууркандар менен камсыз кылынган.

Мындан тышкары, ысык тамак берилип, мончо уюштурулган. Бөлүнгөн кызматкерлер алардын ден соолугуна кам көрүп, тазалык боюнча иштеп жатышат.

Жалал-Абад шаарынын бийлиги жашаган жери жок жарандарга түнөк үйүн 2013-жылдан тарта уюштуруп келет. Ал эми 2019-2020-жылдагы кыш мезгилине карата жалпы 166 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×