Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.10.2019 12:40

Жалал-Абадда кичи футбол боюнча ОИИБдин башчысынын кубогу үчүн мелдеш өттү

Turmush -  Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата кичи футбол боюнча Жалал-Абад облусундагы ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ортосунда финалдык оюн өттү.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кубок үчүн 18 команда күч сынашты.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын кубогуна арналган кичи футболдун жарым чейректик жана финалдык беттештери 2-октябрда өткөрүлдү. Алгач өздүк курамдын жана спортчулардын катышуусунда спорттук иш-чаранын ачылыш аземи өткөрүлүп, кызмат учурунда курман болгон кесиптештерди эскеришти.

Өтмө кубокко арналган мелдештин финалдык бөлүгүндө Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын курама командасы менен милициянын Кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын курама командалары туш келди. Жыйынтыгында милициянын КККнын өзүнчө ротасынын командасы 1-орунду багындырышты. Ал эми 3-орунду Ноокен РИИБ жеңип алса, 4-орунга тез чара көрүү отряды татыды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×