Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.10.2019 09:49

Жалал-Абадда милиционерлер карыларга акчалай колдоо көрсөтүштү (сүрөт)

Turmush -  1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Жалал-Абад облусундагы милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жер-жерлерде ички иштер органдарынын ардагерлеринен жана улгайган карыялардан кабар алышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чаранын негизги максаты карылардын сый-урматка татыктуу экенин белгилөө болуп саналат.

Карылар күнүндө ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов башында турган топ ички иштер органдарынын эки ардагери, Жалал-Абад шаарында жашаган 70 жаштагы Абдылдабек Абылкасымов жана Сузак районунун 82 жаштагы тургуну Мойдун Мамажанов менен жолугушуп, акчалай колдоо көрсөтүштү. Ошондой эле азык-түлүктөрдү тапшырып, аларга бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык каалашты.

Ушундай эле иш-чара Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери тарабынан дагы өткөрүлдү. Алар Шамалды-Сай шаарчасында жашаган 68 жаштагы Хасиятхан Хасановадан кабар алышып, атайын даярдалган белектерин жана акчалай сыйлыгын тапшырышты.

Мындан тышкары Жалал-Абад ШИИБдин жаш кызматкерлери ички иштер органдарынын ардагерлери менен жолугушуп, чакан баарлашуу болду. Соңунда ардагерлерге атайын даярдалган сый тамак тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×