Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.10.2019 17:15

Жалал-Абадда алдыңкы мугалимдер сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 1-октябрда Жалал-Абад шаарында мугалимдердин кесиптик майрамына карата иш-чара өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ага өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, облустук билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Акылбек Токтосунов жана район-шаарлардан келген 30га чукул мугалимдер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы жана олимпиадада жеңген окуучулардын мугалимдерине ардак грамоталар тапшырылды.

«Быйыл жалпы республикалык тестирлөөдөн бүтүрүүчүлөрдүн алды 238 упай алышты. Облустун аймагындагы мектептердин 90%ы интернет менен камсыз болду», - деди Ы.Ызабеков.

Жалал-Абад облусунда жалпы билим берүү тармагында 15 миң 600 мугалим эмгектенет. Жалпы 465 мамлекеттик жана 9 жеке менчик мектеп бар. Анда 227 миңден ашуун окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×