Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.10.2019 14:40

Жалал-Абадда милициянын ардагерлери менен жаш кызматкерлер жолугушту

Turmush -  Бүгүн, 1-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин жыйындар залында ички иштер органдарында эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлер менен азыркы учурда иштеп жаткан жаш кызматкерлердин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата уюштурулган. Иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков жана милициянын ар түрдүү кызматтарында эмгектенген ардагерлер катышты.

Жыйындын башында Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги М.Хажиматов сөз сүйлөп, кыргыз милициясынын тарыхына токтолуп өттү. Андан соң ички иштер органдарынын ардагерлери жаш кызматкерлерге акыл-насааттарын айтышып, алар иштеген учурдагы милициянын шарты жана баштарынан өткөн кызыктуу окуялары менен бөлүштү. Милиция элдин күзгүсү экендигин белгилешип, эл менен сылык мамиледе болуп, коомдук жайларда өздөрүн тыкан алып жүрүүгө чакырышты. Жаңы мыйзамдарды өздөштүрүп, көп окуп, билимин арттыруу керектигин баса белгилешти.

Жолугушуу жыйынтыкталган соң ардагерлерге азыркы учурдагы ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн жаңыртылган иш бөлмөсү, уктоочу жайлары көрсөтүлдү. Жаңы мыйзамдардын алкагында кылмыштарды жана жоруктарды каттоо боюнча маалыматтар берилди.

ОИИБдин ардагерлер кеңешинин каттоосунда учурда 694 ардагер бар. Алардын ичинен 14 ардагер аялдар. Мындан сырткары 170 ардагер атайын буйруктун негизинде жаш кызматкерлерге үгүт-насаатчы болуп бекитилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×