Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.10.2019 11:53

«Жалал-Абад суу канал» ишканасынын башчысында Россиянын жарандыгы барбы? Видео

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы «Жалал-Абад суу канал» ишканасынын башчысы Төлөн Бакировдо Россиянын жарандыгы бар. Ага карабастан жетекчилик кызматта иштеп жатат. Мындай пикирди «Ата Журт» фракциясынын депутаты Шайыр Ташиев билдирди. Ал эми мекеменин жетекчиси өз жүйөсүн келтирүүдө.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, 30-сентябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XVII сессиясы өттү. Анын күн тартибине 9 маселе камтылса, негизинен «Жалал-Абад суу канал» ишканасынын башчысы Төлөн Бакировдун ишмердүүлүгү талкууланды. Анда депутат Шайыр Ташиев Төлөн Бакировдун жумушунда каталар жоюлбаганын айтып, ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин көтөрдү. Ошондой эле жетекчи 2009-жылы Россиянын жарандыгын алгандыгын айтып чыкты.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы сунуштаган бул жетекчинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу эскертүү бердик, сунуштар айтылды. Бирок жумушунда жылыш болгон жок, жамаатты бириктире алган жок. Финполиция текшергенде 80 миң сом каражат максатсыз пайдаланылганы ачыкталды. Ошондой эле жетекчинин Россиянын жарандыгын алгандыгы да себеп болду. Ал 2009-жылдын 24-мартында Абакан шаарында Россиянын жарандыгын алган экен. Кийин кайра тапшырганын айтууда. Бирок анын Россиянын жарандыгынан баш тартканы, ал жокко чыгарылганы боюнча тийиштүү документтер жок. Балким кош жарандуулук менен жүргөндүр. Жетекчиликке дайындоодо шаар бийлиги ушул сыяктуу жагдайларды карап коюшу керек», - деди ал.

Аталган мекеменин жетекчиси Төлөн Бакировдун пикиринде, мекемедеги 80 миң сомду ыйгарып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер болгон эмес. Россиянын жарандыгын алганы ырас, бирок кайра баш тарткан.

«2009-жылы Россиянын жарандыгын алганым чын, анда кош жарандуулукка уруксат бар болчу. Мен Кыргызстандагы жарандыгымды тапшырган эмесмин, каттоодон дагы чыккан эмесмин. Муну текшерсеңер болот. 2011-жылы Жалал-Абад шаардык мэриясына жумушка орношконума байланыштуу Россияга барып, жарандыкты тапшыруу боюнча консулдукка кайрылгам. Ал жака учак менен барып келгендигим, жарандыктан баш тарткандыгым боюнча тийиштүү кагаздар бар. УКМКдан да тактасаңар болот.

Кызыл-Үңкүрдө каттоодо турчумун, жакынкы жылдан бери шаарга которулдум. Документтер керек десеңер алып берем», - деди ал.

Кечээ Шайыр Ташиев Төлөн Бакировго ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин көтөрүп, 21 депутат аны колдогон. Эми алардын чечимин аткаруу милдети шаар мэрине тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×