Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.09.2019 17:55

Жалал-Абадда «Ыр кесе» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды (тизме)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында ар улуттун өкүлдөрүнүн арасында өткөн «Ыр кесе» кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр өкмөттүн өкүлүнүн белектерине арзыды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чара мамлекеттик тилдин 30 жылдык мааракесине арналды.

«30 жылдык мааракени утурлай облустук деңгээлде «Тил — улуттук маданият, улуттук байлык, улуттук мурас» деген аталышта чоң иш-чара болду. Буга чейин ар улуттун өкүлдөрү арасында уюштурулган «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, аларга акчалай жана баалуу белектер ыйгарылды. Мындан сырткары, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жаш таланттары, кол өнөрчүлөрү, таланттуу ырчы-бийчилери менен келип, боз үй тигип, кыргыз элинин жашоо турмушу, маданиятын көрсөтүп беришти», - деди Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Элмира Муратбекова.

Өкмөттүн өкүлүнүн сыйлыгына татыган «Ырдайлы кыргыз ырларын» сынагынын жеңүүчүлөрү:

Өспүрүмдөр арасында

Баш байгени алган Токтогул районунун Торкен айылдык маданият үйүнүн кызматкери Халине Өмүракунов 10000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

1-орун — Майлуу-Суу шаарынын №2 орто мектебинин окуучусу Умарова Севара, 7000 сом акчалай сыйлык, 1-даражадагы диплом;

2-орун — Таш-Көмүр шаарынын №8 М.Фрунзе мектебинин окуучусу Аскаров Мурод, 5000 сом акчалай сыйлык, 2-даражадагы диплом;

3-орун — Ноокен районунун №26 Т.Анаркулов атындагы орто мектебинин окуучусу Ташматова Зарнигор, 3000 сом акчалай сыйлык, 3-даражадагы диплом.

Чоңдор арасында:

1-орун — Жалал-Абад шаарындагы К.Закиров атындагы орто мектептин мугалими Жамилова Мушарафхон, 7000 сом акчалай сыйлык, диплом;

2-орун — Таш-Көмүр шаарындагы №8 М.Фрунзе атындагы орто мектептин мугалими Олеся Үсөнбаева, 5000 сом акчалай сыйлык;

3-орун — Кара-Көл шаарынын тургуну Грачева Александра, 3000 сом акчалай сыйлык жана диплом.

Мындан сырткары сынактын активдүү катышуучуларына белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×