Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.09.2019 15:47

Жалал-Абадда бир ай мурун ачылган бала бакча балдарды кабыл ала элек (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата Жеңиш кичи районунда ачылышы өткөн бала бакча ушул күнгө чейин ишке кире элек. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Нурбек Олжобаевдин айтымында, жергиликтүү бюджеттин эсебинен бүткөрүлгөн бала бакча эмеректердин жетишсиздигинен жана идиш-аяктардын жоктугунан улам балдарды кабыл ала элек.

«Бала бакча биздин шаардык билим берүү бөлүмүнүн оперативдик башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мэрия эмеректерин алып бергени менен балдарга төшөнчүлөр, идиш-аяк, оюнчу жана башка керектелүүчү жабдыктар алына элек. Бул үчүн 1,5 млн сомдой каражат керектелет.

Жергиликтүү тургундар, ата-энелер да кол кабыш кылып, айрым нерселерин алып берип жатат. Учурда министрликтен штат маселесин жана балдардын тамак-аш маселесин чечүү алдында турабыз. Ал эми калган көйгөйлөрдү шаардык кеңештин сессиясына, башкача айтканда 9 айдын жыйынтыгы менен өткөрүлүүчү сессияга алып чыгууну пландап жатабыз», - деди Н.Олжобаев.

Өткөн жылдын декабрь айында курулушу башталган бала бакчага шаардын казынасынан 19 млн сом бөлүнгөн. Бул шаардагы 23-бала бакча болуп калды. Учурда Жалал-Абад шаарынын аймагында мектеп жашына чейинки 14300 бала бакчага барат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×