Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 23.09.2019 12:46

Мамлекеттик тил күнүн кайсы арыбызга белгилейбиз?

Turmush -  1989-жылдын 23-сентябрында «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамы кабыл алынып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам кабыл алынгандан бери 23-сентябрь — Мамлекеттик тил майрамы катары белгиленип келет. Быйыл мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленип жатат.

Тил — улуттун баа жеткис байлыгы. Ар бир улуттун өз алдынчалыгын аныктаган кадам. Бирок баа жеткис байлыгыбыз болгон байыркы мамлекеттик тилибизге жасалган мамиле салкын экенин тилге күйгөндөр күйүт менен айтып жүрүшөт. Чын эле өз тилибизге кандай мамиле жасап жатабыз? Мамлекеттик тил макамын алгандан бери кандай өзгөрүүлөр болду? Мына ушул сыяктуу көйгөйлүү суроолорго аймактык кабарчы жооп издеди.

Түрк тилине чейин жаралган улуу тил

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты, доцент Айтмамат Оморовдун айтымында, кыргыз тили байыркы улуу тилдердин катарына кирет. Муну бир нече тарыхый изилдөөлөр тастыктап берет.

«Ар кандай нерсенин кечээгисин, бүгүнкүсүн анан эртеңкисин ойлонобуз да. Биздин тилдин кечээгисин ойлосок, улуу тилдин катарына кирет. Тарыхый изилдөөлөрдө аныкталган. Мисалы, түрк деген сөз ары болгондо биздин заманга чейинки III кылымда тарыхый жазмаларда көрүнөт. Ал эми кыргыз этносу жөнүндө биздин заманга чейинки 200 кылым мурда бар экени жазылган. Түрк деген мамлекет чыкканга чейин 500 жыл мурун кыргыз тарыхта бар болуп жатат. Кытай Эл Республикасынан кыргыздарга байланышкан 16 документ табылганы тарыхый булактарда жазылган. Демек, кыргыз менен кытай соода сатык жүргүзүп, карым-катнашта болгон.

Жеке пикиримде, түрк элдерин изилдеген окумуштуулар кайсыл бир деңгээлде жаңылыштык кетирип жаткандай көрүнүп жатат. Кыргыз түрктөрдөн чыкпастан, тескерисинче түрктөр кыргыздардан тараган. Демек, кыргыз тили байыркы тил. Байыркы түрк жазма эстеликтери делген Орхон Эне-Сай жазуулары кыргыздардыкы деп айрым окумуштуулар айтып чыгышты. Мен ушул тыянакка кошулам. Анда кыргыз, кыпчак, уйгур улуттары аталган.

Орто кылымга келсек, XI кылымда бизде Ж.Баласагын жана М.Кашкари деген эки аалым болгон. Демек, кыргызда лингвистикалык илим 11-кылымда өнүккөн. Бул М.Кашкаринин эмгегинде көрүнүп турат. Ж.Баласагындын «Кут алчу билимин» арабдар «аалымдарынын, шахтарынын алдында турчу» китеп экен дешкен экен. Бул да жөн жерден эмес. Бул улуу инсандын эл баалаган китебинин 3 нускасы Ташкенттен табылган, экөө араб тилинде, бири эски уйгур тилинде жазылган. Ошол уйгур жазмасы кыргыз жазмасы болгон. 12-кылымдан тартып эски уйгур жазуудан эч нерсе калган эмес. Себеби, 940-жылы кыргыз каганаты түзүлгөндө ислам дини расмий дин деп табылып, X кылымдан тартып араб жазуусу кыргыз жазуусун сүрүп чыккан. 1930-жылга чейин тарых таржымалдарыбыз, ырларыбыз араб жазуусунда жазылды. СССР курамына киргенден тартып орус алфавитине өттүк. Ушуну менен кыргыз тил орус тилинин көлөкөсүндө калып калды. Ошол эле тапта кыргыз тилинде гезит-журналдар чыгып жатты, көркөм тасмалар тартылды. Кыргызча берүүлөр эфирден берилип турду. Бул кадам кыргыз тилинин сакталып калышына өбөлгө болду.

СССР тарай электе тилибиз мамлекеттик тил макамын алды. Бул биз үчүн эң чоң сыймык болду. Бирок баркын баалай албай жүрөбүз. Тилибизди өнүктүрүү үчүн түрдүү саамалыктар өтүп келет. Тарыхый эмгектер которулду, аракеттер жаман эмес. Азыр мамлекеттин ичиндеги социалдык-экономикалык көйгөйлөр кандай анархияга учураса, тил да ошондой абалга кептелди. Сүйлөөдө, жазууда баш аламандык, каталар толуп кетти. Кыргыз тилинин орфографиялык эрежелерине баш ийүү деген болбой калды», - дейт Айтмамат Оморов.

Жалал-Абад облустук усулдук борбордун жетекчисинин орун басары Токомбай Турганбаев Мамлекеттик тил күнүн майрамдоодон арданып, уяла турганын билдирди: «Мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 30 жылдыгын белгилеп, куттуктап жатышат. Биз 30 жылдыктын эмнесин белгилеп жатабыз? Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын аткарылбай жатканын шардана кылып майрамдайбызбы? Мамлекеттик тилге айландыра албаганыбызды айтып мактанабызбы? Мына, Малайзия 150 жыл Англиянын колониясында болуп туруп, анан эгемендүүлүккө жетишти. Баары англис тилинде сүйлөп калышкан. Бул мамлекет өз алдынчалыкка жетишкен тапта түпкүлүктүү малай эли 20 пайызды гана түзгөн. 60 пайызын кытай, 20 пайызын түрдүү улуттар болгон. Ошолор 10 жылда малай тилин өнүктүрүштү. Биздечи?... "Мамлекеттик бийликтен кордук көргөн тил" деп 5-6 жыл мурда жөн жеринен макала жазган эмесмин. Дале ушул пикирдемин. Бизде бир гана «керек, керек» деген куру убада чакырык бар. Эгер мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын аткарылбай жатканы үчүн кандайдыр бир айыптар салынса ошондо өзгөрүү болмок. 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүн белгилеп, шаңга бөлөй турган майрамга эмес, намыс арыңа келе турган, уяла турган күн. Башыбызды мыкчып алып, ойлоно турчу күн. Кайсыл арыбызга майрамдайбыз? Арыңа кел кыргыз...».

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Элмира Муратбекованын пикиринде, элдин мамлекеттик тилге болгон мамилеси өзгөргөн. Мекеме-ишканаларда пикир алышуулар, маектешүүлөр, иш кагаздар дээрлик кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Болгону иш-кагаздарда мамлекеттик тилдин жазуу эрежелеринде катачылыктар жоюлбай келет.

«23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу чыгып, жер-жерлерде түрдүү иш-чаралар өтүүдө. Бул да болсо мамлекеттик тилибизди өркүндөтүү болуп эсептелет. Көйгөйлөрүнө токтоло турган болсом, мамлекеттик тилдин сапатына маани берүүбүз абзел. Быйыл жай мезгилинде Ноокен, Базар-Коргон, Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорундагы мамлекеттик мекемелерде болуп, иш кагаздар боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Мекемелердеги өздүк чечимдер, буйруктар, кирүүчү, чыгуучу каттардын баары мамлекеттик тилде жүргүзүлгөнү менен грамматикалык, пунктуациялык, стилистикалык каталар көп болуптур. Атайын иш кагаздарды жүргүзүүнүн нускамалары бар, ага маани беришкен эмес. Түшүндүрүп, жол көрсөтүп келдик. Район-шаарлардын ичинен өзгөчө Чаткал районунда иш кагаздарда аксоо көп экен. Жакынкы күндөрү ал районго окутуулар уюштурулат», - деди Элмира Муратбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×