Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.09.2019 15:59

Кышка камылга: Жалал-Абадда көмүрдүн баасы канча болуп жатат?

Turmush -  Быйыл Жалал-Абад облусунда көмүрдүн баасы өткөн жылдарга салыштырмалуу кымбат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Сатуучу Арзыкан Каримбаеванын айтымында, көмүрдүн баасы өткөн жылга салыштырмалуу 20 сомго кымбат.

«Быйыл көмүр аз келип жатат. Мисалы, 2 күн мурда 1 унаа көмүр түшүргөм, азыр анын көбүн сатып бүттүм. Айдоочулардан көмүр сурасак казганга шахтёрлор жок деп жатышат. Жалал-Абадда калктын 80%ы маркай көмүрүн жагышат. Анткени ал жакшы күйүп, жылуулукту да көпкө чейин кармап турат дешет. Таш-Көмүрдөн, Алайдан да көмүр келчү, быйыл алар кечигип жатышат.

Азыр көмүрдүн килограммын дүңүнөн 4,5 сомдон сатып алдым. Эми аны тазалап, 5-6 сомдон сатам. Азыр кара алтындын 1 кабы 150 сомдон болууда. Өткөн жылдары 130 сомдон сатылчу, ал эми кыштын күнү бул баа 200 сомго жетет», - дейт сатуучу.

Мындан сырткары ал майда көмүрдүн килограммы 1-1,5 сом, абдан майдасы 2,5-3 сомдон экенин айтты.

Жалал-Абад шаарында көмүр саткан ири беш пункт бар. Жалаң чоң көмүрлөрдүн бир тоннасы 5000 сом, майда көмүр аралашканы 4500-5000 сом, маркай көмүрү 4500-6000, Алайдын көмүрү 4500-6500 сомго чейин жана Көк-Жаңгактын көмүрү 3500-5000 сомго чейин сатылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×