Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.09.2019 15:04

Жалал-Абадда жалгыз бой карылар өстүргөн гүлдөрүн көргөзмөгө коюшту

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жашаган жалгыз бой карылар өстүргөн гүлдөрүн, жасаган буюмдарын көргөзмөгө алып чыгышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жалал-Абад шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Назира Жакыпованын айтымында, көргөзмөгө 30дай адам катышты.

«Ушул жылдын жаз мезгилинде Улуттук кызыл жарым ай коому аларга гүл челектерди алып берген. Жайы менен өстүргөн гүлдөрүн эми сатыкка чыгарышты. Көргөзмөгө бир эле гүл эмес, өздөрү жасаган ар кандай буюмдарды жана шириндиктерди алып чыгып, сатыкка коюшту», - деди ал.

Иш-чара аймакта жарыяланган карыларга камкордук көрүүнүн бир айлыгынын алкагында уюштурулду.

Жалал-Абад шаарында 8300дөн ашуун улгайган адам бар болсо, анын 160тан ашыгы жалгыз жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×