Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.09.2019 15:07

Номурун жашырып алып, эки жолу инспекторго токтобой кеткен айдоочу айыпка жыгылды

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунда инспекторго баш ийбеген «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна айып салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 19-сентябрда саат 11:15 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 482-чакырымында Жалал-Абад облустук ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери катуу ылдамдыкта бара жаткан «Мерседес-Бенц» унаасын тосушкан. Бирок айдоочу аларга баш ийбестен токтобой кеткен. Андан соң кийинки күзөт посттогу кызматкерлерге кабар берилип, ал жерден дагы айдоочу токтобой кетип, Бишкек—Ош жолунун 497-чакырымында турган ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан токтотулган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочу —Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 1998-жылы туулган тургуну У.Б. экени аныкталган. Айдоочу унаанын мамлекеттик белгисиндеги сериясын идентификацияга тоскоолдук жаратуу үчүн атайын жашырып алган. Бул үчүн айдоочуга карата КРнын Бузуулар кодексинин 121-беренесинин 4-бөлүмүнүн негизинде 10000 сомдук айып пул жазылып, андан сырткары ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбаганы үчүн ушул эле кодекстин 122-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде 3-категорияда 5500 сом айып пул салынды.

Жалал-Абад облусунун аймагында учурда профилактикалык иштердин бирдиктүү күнү өткөрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×