Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.09.2019 16:44

Жалал-Абадда энелер К.Асановдин ишин адилеттүү кароого чакырык ташташты. Видео

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы «Аруузат аял» коомдук бирикмесиндеги энелер ИИМдин башчысынын мурунку орун басары, генерал Курсан Асановго карата козголгон кылмыш ишти адилеттүү, акыйкат иликтөөнү бийликтен суранышты. Алар АКИпресс–Жалал-Абад маалымат борборунда өткөн жыйында генерал тууралуу ой-пикирлерин ортого салышты.

Өмүр бою билим берүү тармагында эмгектенип келген 70 жаштагы Гүлайым Аттокурованын айтымында, коомдук бирикменин энелери саясаттан алыс. Алар аялдардын ордун көтөрүү, үй-бүлө туткасын бекем кармоонун жол-жоболорун жаш келиндерге айтышып, түрдүү саамалыктарды өткөрүп келишет. Бул сапар алар өмүрүн милицияга арнаган К.Асановго карата жасалып жаткан мамилелерден улам кайрылуу жолдоону эп көрүшкөн.

«К.Асанов бизге окшогон эле карапайым үй-бүлөдөн чыккан. Ал өзүнүн мээнети менен бийиктиктерге жетти. Ал Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында дагы иштеп кеткен. Аксыдагы, Чаткалдагы кен байлык маселелерине байланышкан митинг, пикеттерде дагы ушул жерде болуп, коомдук саясий абалды турукташтырууда эмгеги чоң болду. Мындай кадрларды бийлик куугунтукка албастан, иштетиши керек. Ага карата козголгон кылмыш иш адилеттүү каралышын каалайбыз. Ошондуктан бийликти, Башкы прокуратураны акыйкат чечим чыгарууга чакырат элек», - деди ал.

Аксы районунан келген Айымкан Эргешбаеванын пикиринде, генерал кезегинде июнь окуясында өзүнүн патриот экенин көрсөткөн.

«К.Асанов июнь окуясында эл ичинде жүрдү, тынчтыкты орнотууда анын орду чоң болду. Элине күйгөн адамды ар тараптан каралоолор болууда. Анын эл үчүн жасаган эмгектерин да унутпайлы. Энелер жүрөгү тынчтык деп согот, өлкөнүн бейпил жашоосун каалайт. Өзүбүздүн чыгаан уулдарыбызды колдой билели», - деди ал.

Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунан жана Жалал-Абад шаарынан келген энелер К.Асановдун ишине кайдыгер карай алышпаганын айтып, акыйкат чечим чыгарууну суранышты.

«Аруузат аял» коомдук бирикмеси 2016-жылы негизделген, 5 миңдей мүчөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×