Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.09.2019 14:06 На русском

Жалал-Абадда 1 жуманын ичинде 29 мас айдоочу кармалды

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Өткөн 1 жуманын ичинде Жалал-Абад облусунда унаасын мас абалда башкарган 29 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы билдирди.

7-сентябрдан 13-сентябрга чейин Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөр тарабынан 1 миң 594 жол эрежесин бузуу фактысы катталган.

- 29 айдоочу мас абалда унаасын башкарып жүргөн;

- унаасынын алдыңкы айнектери караңгылатылган 17 айдоочу кармалган;

- 8 айдоочу унаасын айдоочулук күбөлүгү жок башкарып жүргөн;

- унаанын ылдамдыгын тиешелүү чектен ашырган 703 айдоочу кармалган;

- башка жол эрежеси бузулган 837 факт.

Жалпы 69 унаа айып короого киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×