Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.09.2019 17:50

Жалал-Абадда 77 млн сомго жаңы оорукана салынып баштады (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканада 100 керебеттүү оорукананын имараты салынып баштады.

Аймактык кабарчы билдиргендей, капсула салуу аземине саламаттыкты сактоо министри Космос Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова, өкмөттүн өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, мэр Мураталы Тагаев катышты. Анда министр К.Чолпонбаев жергиликтүү элге, ак халатчандарга саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу үчүн өкмөт тараптан чоң колдоолору болуп жатканын айтты.

«Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата жана өзүбүздүн «Дени сак адам-өнүккөн өлкө» деген программабыздын алкагында 5 жыл аралыгында аймактын медицина тармагын өнүктүрүү планы кабыл алынган. Мына ошол иш-чаранын алкагында бир нече иштер аткарылып жатат. Ошто Кытайдын гранты менен заманбап оорукана курулду. Баткенде үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору пайдаланууга берилди. Ушул Жалал-Абад облустук ооруканада тез жардам бөлүмү бүтөйүн деп калды, жабдыктар орнотулууда. Эми оорукананын жаңы имараты дагы курулуп баштады», - деди ал.

Жаңы имаратка кулак, мурун оорулары урология, бет жаак хирургиясы, көз оорулар бөлүмү көчүрүлөт.

Маалым болгондой, 100 орундуу оорукананын жалпы сметалык баасы 80 миллион сомду түзгөн. Тендерден «Алам-Ата» ЖЧКсы 77 миллион сомго утуп алган. Бул жайдын курулушу башталып, пайдубалы тургузулду. Аны 2020-жылдын октябрь айында бүтүрүү пландалууда. Жалал-Абад клиникалык ооруканасынын айрым корпустары 1932-жылы салынган. Жыл сайын 30 миңге чукул бейтапты тейлейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×