Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 22.08.2019 22:59

Жалал-Абадда ар улуттун өкүлдөрү арасында «Ыр кесе» сынагы өтүп жатат

Turmush -  Жалал-Абад шаарында ар улуттун өкүлдөрүнүн арасында өтүп жаткан «Ыр кесе» кароо-сынагында бүгүн, 22-августта уйгур улутундагылар өз өнөрлөрүн тартуулашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Уюштуруучулардын айтымында, саамалык Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган.

«Иш-чара Кыргызстан элинин ассамблеясынын облустук маданий борборлорунун арасында уюштурулган. Ал улуттар аралык достукту чыңдоо, өз ара ынтымагын бекемдөөгө арналган. Бүгүнкү иш-чараны «Итипак» уйгур бирикмеси өткөрүп жатат. Буга чейинки өткөрүлгөн сынакты облустук «Өзбек коому» уюштурган. Катышуучулар кыргыз элинин улуттук ырларын ырдап, бийлеп, маданиятын даңазалашты. Иш-чаранын жыйынтыгы сентябрь айынын аягында чыгарылат», - деди Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Жалал-Абад облустук төрагасы Каныбек Тилекеев.

Ал эми өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабековдун айтымында, мындай иш-чара облустун башка район-шаарларында дагы өткөрүлүп жатат.

Жалал-Абад облусунда уйгур улутунун 8 миңдей өкүлү жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×