Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 22.08.2019 14:58

Маданият—Барпы жолунун курулушу сентябрь айынан тарта уланат. Сүрөт

Turmush -  Үзгүлтүккө учураган Маданият—Барпы жолунун курулуш иштери сентябрь айынан тарта уланат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Транспорт жана жолдор министрлигинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Акжолбек Бегалиев билдирди.

Анын айтымында, курулушту каржылоочу банктын комиссиясы келип, долбоор экспертизадан өткөн.

«Июль айынын аягында Бишкек шаарында банктын комиссиясы келип, алар менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Анда бир нече пункттан турган талап болгон, биз ал талаптардын баарын аткарып, жооп бергенбиз. Алар долбоор экспертизадан өтө электе эле жумушту баштап алыптырсыңар деген. Учурда экспертизадан өттү, подрядчынын отчёту боюнча дагы суроолор жаралган болчу. Мындан сырткары оңдолуп жаткан жолдун четинде башка жакка көчүрүлчү 400гө жакын объект бар. Анын планын толук аткарып бересиздер, анткени долбоор кымбаттап кетет деген талаптар болгон. Биз анын баарын толук бүткөрүп бердик. Учурда бул маселеге өкмөт башчы өзү да кызыкдар болуп жатат, буйруса сентябрда жумуш башталат», - деди ал.

67 чакырымга созулган Маданият—Барпы жолунун курулушун Евразия өнүктүрүү банкы колдоого алып, алар 60 млн доллар каражат бөлгөн. Тендерден «Азвирт» компаниясы 51,6 млн доллар утуп алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×