Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 22.08.2019 14:40

Таланттууларды тарбиялаган техникумдун солкулдаган сахнасы, чириген полу жана көчкөн дубалы (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы 3 корпустан турган Маданият техникумунун имараттарынын эскилиги жеткендиктен дубалдарынан жарака кетип, полу чирип калган. Ал эми окуу жайдын сахнасы солкулдап, кооптуу абалда турат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев окуу жайдын абалы менен таанышкан учурда белгилүү болду.

Маалым болгондой, техникумдун имараты 1936-жылы трактористтер үчүн курулган. 1979-жылы Маданият техникуму уюшулуп, дал ушул имарат бөлүнүп берилген. Кылымдан ашкан мекеменин негизги корпусу 1987-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Андан бери имарат бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Окуу жайдын чоң залынын сахнасынын полу чирип, баскан сайын кыймылдап, кооптуулук жаратат. Ошондуктан да мугалимдер студенттер концерт койгондо «акырын кыймылдагыла» деп тынымсыз эскертип, көзөмөлдөп турууга мажбур. Отургучтары 1970-жылдары алынып келген, азыр бүтүнүнөн сыныгы көп. Окуу жайдын жетекчиси Эмил Балтагуловдун айтымында, имараттардын абалы оор бойдон калууда.

«Имарат кылым мурун курулган, өтө эски. Мындагы корпустардын арасында авариялык абалдагысы, капиталдык оңдоого муктаждары бар. Бул жерде биз таланттууларды, китепканачыларды даярдайбыз. Китепкана адистигин биз даярдайбыз деп көкүрөк какканыбыз менен китепканабыздын имараты мышык ыйлай турган абалда. Терезелерин ачсак китептер чаң болот, ачпай койсо китептер көгөрүп кетет. Таланттууларга да шарт жакшы эмес. Ошондуктан биз өз алдыбызча чоң залы, китепканасы камтылган эки кабаттуу имараттын долбоорун чийип көрдүк. Эми архитектура жана курулуш кызматы менен макулдашабыз. Тилекке каршы долбоор чийдирүү үчүн 300 миң сом керек болгондуктан андай сумманы таба албай жатабыз. Өкүлчүлүк, мэриядан жардам сурадык, алар тараптан колдоо боло турганын айтышты. Үмүт артып жатабыз», - деди Э.Балтагулов.

Техникумдун жатаканасы 150 орунга ылайыкташкан, андагы бөлмөлөрдөгү эмеректер эчак пайдалануудан чыккан. Мекеме жетекчилигинин пикиринде бул маселени жөнгө салуу үчүн демөөрчүлөрдү издеп жатышат. Оор абалдагы жайды көрүп чыккан облустун жетекчиси көйгөйдү чечүүгө көмөк көрсөтмөй болду.

Маданият техникумунда учурда 150гө жакын студент билим алат. Окуу жайга бюджеттик негизде жылына 60 студент кабыл алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×