Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 22.08.2019 14:23

Жалал-Абадда селсаяктын жансыз денеси табылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарында селсаяктын жансыз денеси табылды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 16-августунда саат 14:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын борборунда жайгашкан кафенин жанындагы курулушу бүтпөгөн имараттын ичинен белгисиз адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, тийиштүү иштерди жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында маркумдун өздүгү аныкталды.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, жансыз денеси табылган адам көчөдө түнөп калчу селсаяктардын бири болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×