Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.08.2019 08:00 На русском

Жалал-Абадда борбордук базардан өрт чыгып, соода түйүндөрү күйүп кетти. Видео

Turmush -  Бүгүн, 21-августка караган түнү саат 01:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардан өрт чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өрт саат 04:00дөн өтүп толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө шаардагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу департаментинин, суу канал башкармалыгынын техникалары тартылды. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр, жарандык коргонуу күчтөрүнүн кызматкерлери иш алып барышты.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө саат 00:35те Жалал-Абад шаардык №20 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, саат 00:46да №58 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 01:02де Сузак райондук №65 ӨКБдан 1 бөлүм жана №59 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Мындан сырткары райондук электр станциялары ишканасынан 1 бригада тартылып, өрт саат 01:50дө чектөөгө алынган жана саат 04:15те толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен болжол менен 2 миң 500 чарчы метр жердеги соода түйүндөрү жана күндөлүк турмуш-тиричиликке керектелүүчү товарлар күйүп кеткен. Кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×