Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.08.2019 15:47

Жалал-Абад облустук архивдин жетекчиси соттон утуп, кайра кызматына келди

Максүтали Көчөков
Максүтали Көчөков

Turmush -  Жалал-Абад облустук архив кызматынын жетекчиси Максүтали Көчөков Жогорку соттун чечими менен кайрадан кызматына келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан былтыркы жылы Жалал-Абад облустук мамлекеттик архив башкармалыгынын жетекчиси Максүтали Көчөков кызматынан бошотулган. Бирок аталган мекеменин жетекчиси негизсиз бошотулганын айтып, сотко кайрылган.

«Мен эмгек өргүүдө жүрүп, дарыланып жаткан учурда мени кызматтан алып коюшту. Мамлекеттик каттоо кызматынан 3 адамдан турган комиссия келип, текшерүүгө алышкан. Жыйынтыгы боюнча биздин агенттикте талкууга коюлушу керек эле. Эч кандай талкуу болбостон эле Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол учурдагы жетекчиси Алина Шаикова мени кызматтан алып койгон.

Башында үн каткан эмесмин. Ойлонуп көрүп, өз укугумду коргоо үчүн 1-Май райондук сотко кайрылдым. Ал жайда менин арызым 3 ай каралып, менин мыйзамсыз бошотулганымды аныктап, кайрадан кызматка калыбына келтирүү чечимин чыгарып берди. Бишкек шаардык соту, Жогорку сот да алгачкы чечимди күчүндө калтырды. Май айында Жогорку соттун чечими чыкты. Июнь айында кайрадан жумушка чыктым», - деди ал.

Жалал-Абад облустук мамлекеттик архив башкармалыгын акыркы бир жылда Ноокен районунун мурунку акими Абдырахман Осмонов жетектеп келген.

Максүтали Көчөков облустук архив кызматын 1989-жылдан бери жетектеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×