Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.08.2019 12:01

Жалал-Абадда майрамга карата 900дөн ашуун милиционер кызмат өтөп жатат

Turmush -  Жалал-Абад облусунда Курман айт майрамына карата милициянын 900дөн ашуун кызматкери кызмат өтөп жатат. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облустун аймагында Курман айт намазы мечиттерде окулуп, эч кандай тартип жана мыйзам бузуу болгон жок.

Ошондой эле эл көп эс алуучу жайларда коомдук коопсуздукту, тартипти сактоо максатында ОИИБдин кызматкерлери жана №704 ички аскер бөлүгүнүн жоокерлери кызмат өтөп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×