Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.08.2019 14:21 На русском

Жалал-Абадда адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн адам кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунда адам өлтүрүүгө шектүү делип, изделип жаткан адам кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 27-июлунда ага Жалал-Абад ШИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган.

Кылмышка шектүү — Сузак районунун Жаңы-Жер айылынын 1972-жылы туулган тургуну М.А.нын жашынып жүргөн жери аныкталып, ыкчам издөө иштеринин натыйжасында 9-августта саат 09:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда кармалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×