Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.08.2019 19:01

Өкмөттүн өкүлү К.Сатыбалдиев чиновниктерди кадр тандоодо тааныш-билиштикке жол бербөөгө чакырды

Turmush -  Кадр тандоодо тааныш-билиштикке жол берсеңер, азабын өзүңөр тартасыңар, деген өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев 6 айдын жыйынтыгын чыгарган облустук коллегияда аким-мэрлерге, мекемелердин жетекчилерине кайрылды.

Жыйында өкүлчүлүктүн аппаратынын региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаев Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Ал белгилегендей, 12062,8 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Айыл чарбасынын, аңчылык жана токой чарбасынын дүң продукциясы 11150,2 млн сомду түзгөн. Ошондой эле инвестицияларды тартуу, автотранспорт жана жүк ташуу, жүргүнчүлөрдү ташуу, акылуу кызмат көрсөтүү тармактарында пландык көрсөткүчтөр аткарылган. Ирригация тармагында 49 насостук станцияларды даярдоо иштери өз мөөнөтүндө бүткөрүлүп, калкка сугат суу үзгүлтүксүз берилүүдө.

Облустагы кичи жана орто ишканалар өндүргөн продукциялардын жалпы көлөмү 242 млн сомду түзүп, 2018-жылдын январь-июнь айына салыштырмалуу 118,4%га аткарылган.

Жыйында калкты таза суу менен камсыздоо үчүн жүрүп жаткан иш аракеттер, жашоочулардын бийликке даттануулары боюнча дагы айтылды. Коллегияда облус башчысы аким-мэрлерди, мекеме-ишканалардын жетекчилерин кайрылган жарандарга сылык мамиле жасоого чакырды.

«Арыз жана каттар жөн жерден жазылбайт. Жарандарга жасалган орой мамиле дагы негиз болот. Андыктан калк менен тыгыз иш алып баралы. Айта кетүүчү жагдай, кадр тандоодо өз ишин билген кызматкерлерге көңүл бургула. Тааныш-билиштикке жол берсеңер, азабын өзүңөр тартасыңар», - деди К.Сатыбалдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×