Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.08.2019 11:40

Жалал-Абад шаарында жер астынан өтүүчү экинчи өтмөк курулуп жатат. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жер астынан өтүүчү экинчи өтмөктүн курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу 1-августта пресс-тур учурунда шаардын мэри Мураталы Тагаев билдирди.

Анын айтымында, Ленин көчөсү борбордук болуп эсептелгендиктен анда дайыма унаа тыгындары болуп турат.

«Бул көчөдө шаардын борбордук базары, окуу борборлору, коммерциялык мекемелер жайгашкан. Мындан улам унаа тыгындары болуп турат.

Жер астынан өтүүчү экинчи өтмөктүн курулушуна 31 млн сом каралган. Курулуш иштери 1-июлда башталган, аны 1-октябрга чейин бүтүрүү пландалууда», - деп билдирди ал.

М.Тагаев Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери ушул сыяктуу объекттер биринчи жолу жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жаткандыгын айтты. Жер астынан өтүүчү биринчи өтмөк 2018-жылы курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×