Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 31.07.2019 09:26

Жалал-Абадда 6 айда жол кырсыктан 4 бала каза болду

Turmush -  Жалал-Абад облусунда ушул жылдын 6 айында өспүрүмдөрдүн катышуусунда 57 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыктардын кесепетинен 4 бала каза болуп, 59 өспүрүм жаракат алган.

«Жол кырсыктарын алдын алуу максатында мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз.
25-июндан 31-августка чейин ЖККК бөлүмү тарабынан «Балдар биздин келечек» аттуу акция жүрүп жатат.

Акциянын алкагында облустун бардык аймактарындагы эс алуучу жайларда, лагерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деди ЖККК бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев.

2018-жылы 63 кырсык катталган. Анын кесепетинен 11 өспүрүм каза болсо, 64 бала жабыркаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×