Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.08.2019 20:00

Погончон айым: Апасы каза болуп, атасы Россияга кетип калганда кызы көчөдө түнөп жүргөн, - майор И.Көкүмбаева

Turmush -  «Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери, милициянын майору Индира Көкүмбаева. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2006-жылдан бери ички иштер органдарында иштеп келет. Бала кезинде экономист болууну эңсеген. Бирок турмуш жолу аны укук коргоо органдарында иштөөгө жетеледи. Ал ЖАМУнун Кара-Көл шаарындагы филиалынын инженердик факультетин аяктаган. Андан соң шаардагы паспорттук столдо эмгектенип жүргөндө шаарга жумуш менен которулуп барган майор айым анын милиция кызматкери болуусуна шык берген.

«Биздин мекемеге Мухабат Пратова аттуу милициянын майору которулуп барды. Анда эженин баскан-турганы, өзүн алып жүрүүсү, жумушундагы тактыгы, анан формасы жагып калды. Мен иштеген учурда паспорттук стол ИИМге карачу, кийин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине өттү. Ошол учурда милиция кызматкери болууга каалоом күч болгондуктан, ички иштер органында иштөөнү тандадым. Ага чейин мен кенже лейтенант дагы болуп калгам. Эмгек жолум Кара-Көлдө башталды. Ош шаарында 4 ай окуп келдим.

2008-2009-жылдары жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору болуп эмгектендим. Жаш балдардын тилин таап иштөө деле оңой эмес. Мигрант ата-энелердин балдары менен көп иштешип калдым. Чоң ата, чоң эне, таене-таяталардын колунда эркин чоңоюшуп, материалдык жактан камсыздалган күндө дагы баары бир балдарда эне жана атага болгон кусалык жашайт, алардын мээримин эңсейт.

Сагынычтарын батынып айта алышпаганы менен алардын дилинде жашайт, психологиялык жактан дагы жабыркашат. Муну балдар менен иштешип жүрүп сезип, туюп да калдык. Балдардын дүйнөсүн түшүнө билүүбүз керек», - дейт Индира Көкүмбаева.

Анын айтымында, ал инспектор болуп иштеп жүргөндө көчөдө калган жаш кыздын окуясы көп ойлондурган.

«Апасы каза болуп, атасы кызын таштап, Россияга кетип калган экен. Бара турган үйү жок болгондуктан, көчөдө түнөп жүрүптүр. Ал кызды балдар үйүнө жайгаштыруу үчүн документтерин топтоо түйшүк жаратты. Анткени кыздын жакын туугандары дагы жок болчу. Ошол учурда үйүмө алып барып, кийимдерин жууп, тамак берип караган күндөрүм болду. Кыз бала болгондуктан түнү көчөдө калбасын дедим. Кыйынчылыкта өскөндүктөн ой жүгүртүүсү дагы башкача, курсагы тойсо болду, башканы ойлочу эмес. Кесиптештерим менен ал кызды Бишкек шаарындагы балдар үйүнүн бирине жайгаштырып, анан көңүлүбүз тынчыган», - дейт майор.

Ал 2009-жылы облустук ички иштер башкармалыгына которулуп келген. Андан бери ушул мекемеде эмгектенип келүүдө. Ал ортодо жумушун түшүнүп, колдоп турчу жолдошуна жолугуп, үч наристени жарык дүйнөгө алып келди. Улуусу 7 жашта болсо, ортончусу 5, кичүүсү 2,5 жашта.

«Милиция адамдын жеке жашоосу үчүн чоң мектеп деп жөн жерден айтылбаптыр. Жаш балдар менен иштешкеним, тажрыйбам өзүмө эле чоң сабак болду. Балдарымды тарбиялоодо көп нерселерди эске алам. Катуу айтып, урушкан сайын балдардын жан дүйнөсү жабыркайт. Ошондуктан акырын айтып, түшүндүрүүгө аракет кылам. Балдарды гүл сыяктуу элестетем. Аларды аяп, кастарлап карасаң ачылат. Балдарыма мүнөзү жушмак апамын», - деди Индира.

Анын айтымында, милицияда иштөөнүн сыймыгы менен катар түйшүгү дагы түмөн. Күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышкан тапта кээ бир күндөрү үй жумуштарын бүткөрүүгө убактысы болбой калат.

«Жумуштан үйгө кеч барып калган күнү тамагым бышкыча балдарым уктап калат, муздаткычка салып коём, эртең менен жылытып берем. Кээ бир күндөрү үйдөгү жумуштар, тамак жасалбай калган учур болот. Андай жагдайды жолдошум туура түшүнөт. Кайын журтум дагы ишимди колдоп турушат. Жолдошум кубаттап тургандыктан иштеп жатам. Чындыгында биздин жумуш оор. Менимче мага окшоп жумушун сүйгөн кесиптештеримди форма менен чин кармап турат болуш керек. Ар бир чинге жеткенде өзгөчө толкунданасың, элге дагы кызмат кылгың келет», - деди Индира Көкүмбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×