Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.07.2019 12:21

Сүрөт — Жалал-Абаддын жаштары аянтта китеп окуп жатышат

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын жаштары борбордук аянтта «Китеп окуу» акциясын уюштуруп жатышат, деп билдирет аймактык кабарчы. Ага студенттер, мектеп окуучулары жана тургундар катышууда.

Уюштуруучу Ысхак Мадимаровдун айтымында, акция китеп окуу маданиятын жайылтуу максатын көздөйт.

«Акция башталганда аянтта китеп окуган адамдардын саны аз болчу. Үч күндүн кийин окурмандардын саны бир топко көбөйгөнүнө күбө болдук. Акцияда окуган китептерибизди чогуу талкуулап жатабыз.

Эми жакынкы күндөрү маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков келип, акцияга катышуусу күтүлүүдө», - дейт Ы.Мадимаров.

Буга чейин Сузак районунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө уюшулган «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында айыл өкмөттөгү китепканага миңдеген китептер тапшырылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×