Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 22.07.2019 15:20 На русском

Айыл аралап келип, унаага түнөгөн карышкыр: Жубайларды чочуткан сырдуу карышкырды кармап кетишти. Сүрөт

Turmush -  Талас районунун Ак-Сай айылынын 33 жаштагы тургуну Жанузак Шайкуловдун 17-июлда түндө ачык калган унаасына карышкыр түнөдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдады.

Анын айтымында, карышкыр «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаасына кирип жатып алганын биринчи аялы көргөн.

«Манас районунун Арал айылынын тургунумун. Жумушка байланыштуу убактылуу Талас районунун Ак-Сай айылында жашайбыз. 3 жылдан бери жер титирөөлөрдү каттаган адис болуп иштейм.

Биз үй-бүлөбүз менен ушул жумада кызыктуу окуяга күбө болдук. Мен ал күнү кечинде сугаттан келгем. Үйгө келген соң унаамдан кетмендерди алып, эшигин ачык таштаган бойдон үйгө кирип кетиптирмин. Эртең менен жубайымдан «унаадан телефон кубаттагычты (зарядка) алып келип берчи» деп сурангам. Ал барып эле кайра чуркап келди. Көрсө унаада карышкыр жаткан экен. Мага келип, «карышкыр жатат» деп айтса ишенген жокмун. Өзүм чыгып карасам чын эле иттен башкача экен. Жубайым коркконунан эшигин жаап салыптыр. Кошуналарыбызды чакырдык. Кошуналар айылдагы бир егерь акени чакырышты. Ал карышкырды алып кетти. Айыл ичине карышкыр келип, унаада түнөгөнү бизге кызык болду. Карышкырды жакындан биринчи жолу көрдүм», - деди ал.

Жанузак мырза жубайы Айнура Байсалова экөө 1 уул, 2 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×