Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.07.2019 10:36 На русском

Маданият—Барпы жолундагы куруучулар 3 айдан бери маяна ала албай жатышат. Видео

Turmush -  Маданият—Барпы жолунда иштеп жаткан жумушчулар үч айдан бери маяна ала албай жатышат. Жолдогу иштер дагы үзгүлтүккө учурагандыктан чаңга толуп, элдин нааразычылыгын пайда кылууда. Аймактык кабарчы иштин чоо-жайын териштирди.

Маалым болгондой, Ош—Бишкек унаа жолунун 67 чакырымын ээлеген Маданият—Барпы жолун курууну азербайжандык «Азверт» компаниясы колго алган. Дал ушул компанияга Базар-Коргон районунун тургуну Токтосун Шаназаров быйылкы жылдын кыш айларында өзүнүн жеке менчик жүк ташуучу унаасы менен жумушка орношкон. Башында баары жайында болуп, кубанып жаткан.

«Биз бул «Азверт» компаниясы менен жаңы жылдан тарта келишим түшүп, иштеп келе жатабыз. Бардык документтерибиз жайында, салыктарды өз убагында төлөйбүз. Башында иш жакшы болду, январь, февраль, март айларында айлыгыбызды кечиктирбей алып жатканбыз. Апрель айынан бери маяна ала албай жатабыз. Айлык үчүн барсак «кийинки жума келгиле», «эртең келгиле» деп ар кандай шылтоону айтышууда. Жакындан бери «дүйнөлүк банк каражат которбой жатат» деген жооп берип жатышат. Азыр бир дагы айдоочу айлык ала элек. Орточо эсеп менен бул компания айдоочуларга 1 млн сомдой берет», - деди айдоочу Т.Шаназаров.

Жалал-Абад—Шамалды-Сай каттамындагы таксист Акылбек Жаркулов акыркы учурда жолчулар жолду такыр карабай, айдоочулар үчүн бир топ ыңгайсыздыктар жаралып жатканына токтолду.

«Мен күн сайын Жалал-Абадга кайттайм, чындыгында жолду такыр карап койбойт. Жолдун асфальтын казып коюшкан, ал жерге суу себилбейт, унаалар өткөн сайын жол тумандай болуп чаңдап калат. Мындай жолдон унааларыбыздын кыймылдаткыч бөлүктөрү бузулуп калды. Тапкан каражатыбыздын баарын унаабызды оңдоого жумшап коюп отурабыз», - деди айдоочу Акылбек.

Ал эми аталган «Азверт» компаниясынан бул көйгөйдү каражаттын жоктугуна байланыштырышты. Өздөрүнүн 200дөй кызматкерине, ишти жүргүзүү үчүн жергиликтүү жалданма курулуш компанияларынын 200дөй жолчуларына акы төлөнө элек.

«Биздин компания учурда каржылык оор абалда турат. Каражаттын жоктугунан кызматкерлердин айлык акысын төлөй албай жатабыз. Компанияда иштеп жаткан жергиликтүү жумушчуларга май айынан, ал эми азербайжандык жумушчуларга апрель айынан бери айлык төлөй элекпиз. Курулуш дээрлик токтоп калды десек болот. Азырынча өзүбүздүн каражатка жолду араң карап жатабыз. Курулуш башталган кезде буйрутмачы бизге 42 жумуш күнүнүн аралыгында аванс бериши керек эле, бирок аны да кечиктирип беришти. Ал каражатка мобилизациялоо иштерин аткардык. Эми каражат которулса эле иш жанданат», - дейт аталган компаниянын Кыргызстандагы филиалынын жетекчиси Низами Гараисаев.

Транспорт жана жолдор министрлигинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Акжолбек Бегалиевдин айтымында, эгер каражат кечиксе жумуш үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

«Башында жумуш жакшы башталган. 6 млн сом аванс менен аталган компания толук мобилизация жумуштарын бүтүргөн болчу. Жумуш башталган учурда Дүйнөлүк банктан комиссия келип, текшерүү жүргүзгөн. Алардын максаты берилген аванс кайда жана эмне максатта жумшалганын текшерүү. Учурда биздин министр Москва шаарында каржылоочу Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугуп, ушул маселенин үстүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер каражат которулбай, иштин ыргагы ушул бойдон кетсе, 1-августтан тарта биз консультанттарды коё беребиз. Алар кеткенден кийин подрядчы дагы өз ишин токтотот. Бул долбоордун ишке ашышы кечеңдеши мүмкүн экенинен кабар берет», - деди А.Бегалиев.

67 чакырымга созулган Маданият—Барпы жолунун курулушун Евразия өнүктүрүү банкы колдоого алып, алар 60 млн доллар каражат бөлгөн. Тендерден аталган «Азвирт» компаниясы 51,6 млн доллар утуп алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×