Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.07.2019 17:15

Жалал-Абадда согуштун ардагери Александр Григорьев дүйнө салды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында бүгүн, 17-июлда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Александр Григорьев дүйнө салды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ардагер быйыл 95 жашка чыкмак.

«Акыркы убакта ардагер ооруп жаткан. Атайын кызматкерлер жумасына 3 жолу үйүнө барып, андан кабар алып турушчу. Анын артында бир кызы калды», - деди Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Назира Жакыпова.

Григорьев Александр Андреевич 1924-жылдын 11-ноябрында Россиянын Челябинск облусунда туулган. 19 жашында согушка аттанган. 1943-жылдан 1945-жылга чейин Украина фронтунда полктун аткычы болуп, Берлин, Прагада согушкан. 1947-жылы демобилизацияланып, мекенине кайтып келген. Кийин «Улуу Ата Мекендик согуш», «Жуков» ордендери жана мааракелик медалдар менен сыйланган.

1968-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келип, 1971-жылдан тарта Жалал-Абад шаарында жашап жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×