Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.07.2019 12:22

Жалал-Абаддагы жайлоолордо бала бакча, өнүгүү борборлору иштеп жатат

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында жайлоо бала бакчалары жана өнүгүү борборлору иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айылында «Барчын», Көк-Таш айылында «Баластан», Көк-Серек айылында «Жеткинчек» аттуу өнүгүү борборлору ачылып, 60 бала тарбияланып жатат. Өнүгүү борбору үчүн боз үйлөр тигилип, балдар жаш өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнгөн.

Ал эми Аксы районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чер жайлоосунда 1-июлдан тарта жайлоо бала бакчасы иштеп, анда 75 бала тарбияланып жатат.

«Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл аймагында «Перизат», «Аздек», Көк-Ирим айыл өкмөтүндө «Айзирек» жайлоо бала бакчасы уюштурулду. Жалпы 80 бала эс алууда. Базар-Коргон районундагы «Кең-Кол» өнүгүү борбору 2013-жылы ачылган, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жатат», - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×