Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.07.2019 12:34

Жер сатам деген аялга 160 миң сом берген тургун акчадан да, жерден да жок калды. Видео

Алмаз Нышанов
Алмаз Нышанов

Turmush -  Жалал-Абад облусунун тургуну Алмаз Нышанов жер сатам деген аял 160 миң сомун алып, жерин же акчасын бербей жаткандыгын АКИпресс-Жалал-Абад маалымат борборунда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад шаарынын К.Тамара аттуу тургуну Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүндө жайгашкан 10 сотых жер тилкесин, 1 гектар сугат жерин сата тургандыгын жарыялаган.

«Ушул жылдын апрель айынын башында Орусияда эмгектенген досум Бактыбек уулу Кудаяр экөөбүз ишкерлик жасоону көздөдүк. Бир күнү Кудаяр интернет аркылуу арзан жер тилкесин тапканын билдирди. Ал «Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылынан 10 сотых жер тилкесин, 1 гектар сугат жерди арзан баага таптым, акчаны сенин атыңа котором, сен барып төлөп, жерди өзүңдүн атыңа өткөрүп тур. Мен Кыргызстанга барганда мыйзамдуу түрдө өз атыма которуп алам» деди. Мен макул болдум.

Чынын айтканда менде эч кандай күмөн саноо болгон эмес. Жер сатып жаткан эже менен бирге Көк-Арт айыл өкмөтүнө дагы бардык, сугат жерди жана жер тилкесин көрдүк. Ошол учурда ал мени бир адамга жолуктуруп, «ушул адам жерди мыйзамдуу түрдө сага өткөрүп берет» деп айтты. Мен ал адамга паспортумдун көчүрмөсүн жана телефон номурумду таштап келдим.

Ошол учурда ал киши: «Жерди май айынын ортосунда толук өткөрүп берем» деди. Бирок тилекке каршы андай болгон жок. Май айынан баштап жерди сатып алган эже мага ар кандай шылтоолорду айта баштады. Башында: «Жер толук чыкпай жатат, 20 сотых кошунанын жерине кирип кетиптир. Жерди сага өткөрөйүн десем ал киши Казарманга жумуштар менен кетип калыптыр» деп түрдүү жоопторду айта баштады.

Түрдүү шылтоолорду айтып кача бергенде аргасыздан милицияга кайрылып, арыз жаздым», - деди А.Нышанов.

Анын айтымында, жер сатарын жарыялаган аялга 160 миң сомду төрткө бөлүп беришкен.

«Апрель айынын башында Кудаяр мага акча которду. Мен ал акчаны Тамара эжеге бөлүп бердим. Башында 64 миң сом, кийин 36 миң сом, андан кийин 20 миң сом болуп, мен 120 миң сом бердим. Досумдун жездеси 40 миң сомдой берди. Ошентип жалпы 160 миң сомдой бердик. Анын баарына тил кат жаздырып алганбыз. Бирок Тамара эже ар кандай шылтоо айтып, азыркыга чейин созуп жатат. Акыркы жолу 18-майда сүйлөшкөм, анда эже тоодо экенин айткан. Үч күндүн ичинде мага жолугарын билдирген. Андан кийин чалсам телефонун өчүрүп салыптыр. Аргасыз милицияга кайрылдым. Бирок ушул учурга чейин тергөөчүлөр мени чакырып, төргөөнүн жүрүшү менен тааныштырган жок», - дейт А.Нышанов.

Ал эми милициядан бул факт боюнча кылмыш иши козголгонун, бирок К.Тамара аттуу жаран чет өлкөгө чыгып кеткенине байланыштуу иш токтоп турганын билдиришти.

«15-майда Жалал-Абад шаарынын тургуну К.Тамаранын үстүнөн арыз түшүп, бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык боюнча) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Бирок аты аталып жаткан жаран 22-май күнү Россия Федерациясынын аймагына чыгып кеткендигине байланыштуу тергөөдө беттештирүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ошол себептүү тергөө тапшырмалары берилди. Тактап айтканда иш токтобой уланат же К.Тамара Кыргызстанга кайтып келгенде тергөө амалдары улантылат», - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×