Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.07.2019 10:10

Ош—Бишкек жолунда күндүз оор жүк ташыган унааларга айып салынууда. Видео

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунда аптаптуу ысыкка карабай 25 тоннадан ашык жүк жүктөп, каттамга чыккан унаалар токтотулууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 1-июнунан тарта абанын температурасы +28 градустан жогору болгон учурда унаа жолдон чоң жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө коюлган. Чектөө убактысы саат 09:00дөн саат 20:00гө чейин. Адистер мындай демилге унаа жолду сактоо үчүн ишке ашып жатканын айтышат.

«Транспорт жана жолдор министрлигинин буйругунун негизинде министрликтин жана ЖКККБнын кызматкерлери болуп Кыргызстандын аймагындагы унаа жолдордо 1-июндан тарта оор жүк ташыган унаалардын жүрүшүнө чектөө коюлуп, күндүн табы 28 градустан ашканда алардын кыймылын токтотуп жатабыз. Учурда Жалал-Абад облусунун аймагындагы унаа жолдордо бир нече жерлерде көчмө мобилдик таразалардын жардамы менен унаалардын салмагын өлчөп жатабыз. Бул иштин башкы максаты — унаа жолдорду сактап калуу, бузулуусун алдын алуу жана алардын пайдалануу мөөнөтүн узартуу. Мындай чектөө сентябрь айына чейин уланат», - деди министрликтин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын жетекчиси Адылбек Жумашев.

Белгилүү болгондой, бул буйрук жүргүнчү жана гуманитардык жардам ташыган унааларга, ыйгарым укуктуу же мамлекеттик органдарга тиешелүү унааларга тийиштүү эмес.

«Биз көчмө таразанын жардамы менен жолдо оор жүк ташып бара жаткан унааларды токтотуп, анын салмагын өлчөп, ашыкча болсо ага администрациялык протокол түзүп, айып пул төлөгөндөн кийин коё беребиз. Атайын буйруктун негизинде күйүүчү май ташыган жалпы салмагы 25 тоннага жетпеген унаалар жолун улап кете берет», - дейт министрликтин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын башкы инспектору Каныбек Жолчиев.

42 жылдан бери жүк ташуучу унаа айдап, чет өлкөдөн жүк ташыган Асыл Эргешов министрликтин бул буйругун кубаттап, мындай тартип коңшу өлкөлөрдө эчак ишке киргенин айтат.

«Азыр Бишкек шаарынан Ошту көздөй азык-түлүк жүктөп бара жатам. Кызматкерлердин токтотконун туура эле көрдүм. Орто Азиядагы өлкөлөрдөн мен билгенден Тажикстанда күндүз жүк ташыган унаалардын каттамына чектөө коюп, жалаң гана түнкүсүн жүрүүгө уруксат берген мыйзам иштейт. Ал эми бизде быйыл иштеп баштады. Бул туура эле көрүнүш, анткени айдоочулар мыйзамга баш ийиши керек. Антпесе, жолдорду кайра-кайра курууга мамлекетибиз бай эмес», - деди А.Эргешов.

Министрликтин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын берген маалыматына таянсак, ушул тапта Ош—Бишкек унаа жолунун Жалал-Абад облусундагы тилкесинде эки көчмө мобилдик тараза иштеп жатышат. Текшерүү иштери Кара-Көл унаа постунда дагы жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×