Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.07.2019 09:27

Өзбекстандагы фестивалга Жалал-Абаддан барган жамаат сыйлык менен кайтты

Turmush -  Өзбекстанда өткөн «Улуу Жибек Жолу» эл аралык фестивалында Жалал-Абад облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын чакан жамааты эң жакшы фольклордук топ деп табылды. Бул тууралуу аталган филармониянын директору Д.Жолдошева билдирди.

Анын айтымында, эл аралык фестивалга 22 мамлекеттин маданият кызматкерлери катышты.

«Сынакка катышуу үчүн эки ай мурда арыз менен кайрылышыбыз керек эле. Бирок биздин жамаат сынакка кошула албай калды. Ошентсе дагы Маргилан шаарындагы фестивалга чакан жамаат катышып, «Эң жакшы фольклордук топ» деген номинациясына жана 3,5 млн сум (30 миң сом) акчалай сыйлыкка татыдык. Катышуучулардын ичинен Бишкек шаарынан барган «Ибарат» жаш фольклорчулар тобу 1-орунду алып, 3,5 миң доллар менен сыйланды. Кыргызстандын атынан катышкан маданият кызматкерлери биринчиликти камсыздаганына баарыбыз кубандык», - деди Д.Жолдошева.

Ушул жылдын 11-13-июль күндөрү Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Маргилан шаарында «Улуу Жибек Жолу» деген аталышта эл аралык фольклордук фестиваль уюшулуп, ага Россия, Япония, Корея, Кыргызстан, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн маданият кызматкерлери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×