Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.07.2019 08:22

Россиядагы абактан качып, издөөдө жүргөн жаран Жалал-Абаддан кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарында мүрзөнүн аймагына курал көмүп койгон Россиянын жараны кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-июлда Жалал-Абад шаарынын Иса аттуу тургуну мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүрөт деген ыкчам маалымат түшүп, ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жалал-Абад ОИИБдин экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Жалал-Абад шаарында убактылуу жашап жүргөн Россия Федерациясынын Астрахань шаарында 1974-жылы туулган А.Ю. шектүү катары кармалды. Сурак учурунда А.Ю. ок атуучу куралды Жалал-Абад шаарында жайгашкан мүрзөлөрдүн бирине көмүп койгондугун айткан. Көрсөтмө боюнча 7,62 калибрдеги, сайлуу ок түшө турган кылып атайын колго жасалган бир даана ИЖ К-20 үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана 20 даана 7,62 калибрдеги октор калыстардын катышуусунда алынды.

Алынган далил буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Ю. РФнын Астрахань облустук жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан экстремисттик кылмыштарга байланышкан кылмыш иши боюнча 2012-жылы соттолуп, жатак абагынан качып кеткендигине байланыштуу издөөдө жүргөндүгү аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×